Камчыбек Ташиев жаңы жылдык кечелер, салют атуу жана куттуктоолор боюнча чектөөлөр керектигин айтты (видео)

Кечээ, 1-январда УКМК башычысы Камчыбек Ташиев өз социалдык баракчасынан түз эфирге чыгып, мамлекеттик кызматтардагы жаңы жылдык кечелер, жетекчилердин куттуктоосу жана майрамдык иш-чараларда атылган фейерверктер боюнча жеке оюн билдирди.

Атайын кызматтын жетекчиси мамлекеттик кызматкерлерге арналып өткөрүлгөн жаңы жылдык кечелерди, салют атуу жөрөлгөлөрүн кийинки жылдан тарта токтотуу керектигин билдирди. Ал кеткен чыгымдарды эсептеп, анын ордуна муктаждарды үй менен камсыздоого багыт алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Ташиев президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Министрлер кабинетинин куттуктоосу ар бир тармактын атынан айтылып жатканын билдирип, жетекчилердин ар биринин жеке куттуктоосун сынга алды.

Камчыбек Ташиев Жаңы жылдык кечелер, салют атуу жана куттуктоолор боюнча чектөөлөр керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан