“Үлгү кылбагыла!” УКМК башчысы эрежесиз эр уруш боюнча дагы эмне деди? (видео)

Эрежесиз эр уруш мелдештерин Кыргызстанда өткөрүүнү токтотуш керек. Мындай билдирүүсүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 1-январда өз социалдык баракчасынан түз эфирге чыгып жатып билдирди.

Атайын кызматтын башчысы бул мушташ ден соолукка зыян келтире тургандыгын айтып, олимпиадалык спорттун түрлөрүнө өтүү керектигин кошумчалаган.

"Мушташканга аракет кылган балдар көп нерсени түшүнбөй жатасыңар. 20, 30 жаштагы балдар күчкө толгон учуруңар. Келечекти ойлогула. 50гө барып майып болуп калып жатасыңар. Эрежесиз эр уруш спорттун эмес, мушташтын бир түрү. Олимпиадалык спорттун түрүнө кайткыла. Биз силерге жардам беребиз. Мамлекеттин атын ушул спорттор менен чыгаргыла, тууну көтөргүлө.

Эрежесиз эр уруш мелдешин кийинки муунга үлгү кылып көрсөтпөгүлө. Башка мамлекеттер жасап жатса өздөрүнүн иши. Биз Кыргызстанга жана анын келечегине жооп берели. Бул мушташ динибизге да туура келбеген нерсе", - деп белгиледи Ташиев.

Ага улай жалпы спорт тармагын караган мамлекеттик ишканаларга кайрылып, бул багытта иш алып баруу керектигин билдирди.

УКМК башчысы эрежесиз эр уруш боюнча дагы эмне деди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан