Улуу Британияда 52 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан аял табылды

Улуу Британияда 52 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан аял аман-эсен табылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, британиялык Шейла Фокс 1972-жылы 16 жашында Батыш Мидленд районунун Ковентри шаарында жоголуп кеткен. Ал ата-энеси менен турган, жашап жаткан жерин өз алдынча таштап кеткендиги айтылган.

Жаңы жыл алдында кайрадан полиция 16 жаштагы Шейланын сүрөтүн “издөө” сайтына жайгаштырып, коомчулуктан жардам сураган. Натыйжада полицияга 68 жаштагы Шейла Фокстун кайда экенин таап алгандар билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан