3-январда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-5, күндүз +3…+5;
Нарын дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы -4…-6, күндүз +1…+3 градус жылуу болот.