Жол инспекциясы Бишкектен эс алуу жайларына чыккан унаалардын санын айтты

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2-январда Бишкектен “Чуңкурчак”, “Кашка-Суу” лыжа базаларына жана башка эс алуу жайларына 2600дөн ашык унаа чыккан.

Билдирүүгө ылайык, жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

"Азыркы учурда бул унаалардын баары шаарды көздөй келе жаткандыктан, жол тескөөчүлөрү шаарга кире бериш жерлерде жол тыгындарын жөнгө салышып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда", - деп айтылат анда.

ЖКККББ учурда жол тыгындары жок экендигин кошумчалады.

Маалымат үчүн: SUPER.KG’нин iOS жана Android үчүн жаңы тиркемеси аркылуу Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардан үзбөй кабар алсаңыз болот.


03.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан