Калифорнияда учак кырсыкка учурап, эки адам каза болду

АКШнын Калифорния штатындагы Фуллертон шаарында бир моторлуу Van’s RV-10 учагы эмерек фабрикасынын имаратына кулап түштү. Анын кесепетинен эки адам каза болуп, 18 адам жаракат алганын чет элдик басылмаларда кабарланды.

Маалым болгондой, кырсык кечээ, 2-январда түштөн кийин болгон. Анын кесепетинен өрт чыгып, эмерек сакталган кампа зыянга учураган.

"Кырсыктан эки киши каза болуп, он адам жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген. Сегиз кишиге жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кырсыктын себептери иликтенип жатат" деп жазылат маалыматта.

Калифорнияда учак кырсыкка учурап эки адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан