Казакстандын Астана - Щучинск унаа жолунда 40тан ашык унаа кырсыкка учураганы айтылууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Кабарлангандай, кырсык Когам жана Каратал айылдарынын ортосунда болгон.
"Саат 13:30да Биржан-сал районунун Когам жана Каратал айылдарынын ортосунда, аба ырайынын начарлашынан (бороон, көрүүнүн начардыгы) болжол менен 40ка жакын унаа кагылышкан. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок", – деп жазды Tengrinews.kz басылмасы.
Окуя болгон жерде полиция кызматы иштеп жатат. Социалдык тармактарга тараган видеодо аталган аймакта катуу бороон жүрүп жатканын көрүүгө болот.