Авиакаттамдар кармалып, аэропортто күтүп калганда кантип акысыз тамак ичүүгө болот? (Видео)

Кыргызстандыктар кышкы каникулда эс алууга эң көп бара турган өлкөлөрдүн бири Түркия эмеспи. Атүгүл саякаттоого же жумуш боюнча башка мамлекеттерге барса деле көп учурда Стамбул аркылуу учары маалым. Бул учурда эң эле алгач оюбузга Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) келет. Өзүнүн мыкты тейлөөсү жана ыңгайлуу шарттары менен Түркияда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча лидерге айланган авиакомания тууралуу азыноолак кеп кылсак.

Түрк аба жолдору: өзгөчө тамак-аш жана кенен отургуч

Түрк аба жолдору кенен отургучтары менен гана эмес, мыкты тамак-аш кызматы менен да таанылган. Авиакомпания салттуу түрк даамдары менен чет элдик ашкананы айкалыштырган эл аралык деңгээлде таанылган түрдүү менюсун сунуштайт. Turkish Airlines жүргүнчүлөргө уктоочу маскалар, тиш щеткалары жана эрин нымдагычтары сыяктуу нерселер менен ыңгайлуу болушу үчүн керектүү нерселердин бардыгын камсыз кылат.

Ошондой эле аба ырайына байланыштуу учууда көйгөй жаралып, каттамдар жылдырылып аэропортто кармалып калсаңыз, авиакомпаниянын эсебинен акысыз тамактансаңыз болот (жол-жобосун толугу менен видеодон көрө аласыз).

Түрк аба жолдору 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) 65 миллион жүргүнчү (2023-жылдын ушул эле мезгилинде 63,9 миллион жүргүнчү) ташыган. Авиакомпаниянын маалыматында жүргүнчүлөрдүн саны жана жүктөрдүн көлөмүнүн өсүшү чагылдырылып, анын дүйнөлүк авиация рыногундагы күчтүү позициясын баса белгилейт.

1933-жылы беш учактан турган жупуну парк менен негизделген Түрк аба жолдору Star Alliance мүчөсү катары дүйнөлүк авиация лидерине айланды. 474 жүргүнчү жана жүк ташуучу учагы менен дүйнө жүзү боюнча 349, анын ичинде 296 эл аралык жана 53 өлкөдө 130 ички багыттарды тейлейт. Бул жыл сайын болжол менен 75 миллион жүргүнчүнү тейлеген, дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири.

Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан