Бишкекте милиция кызматкерлери жарандын жоголгон барсеткасын таап бергенге көмөк көрсөттү. Бул тууралуу шаардык милиция кызматы бүгүн, 3-январда билдирди.
Ага ылайык, 1-январда "Ала-Тоо" аянтында Патрулдук милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 10 миң сом жана документ сүрөтү бар барсетканы таап алганын билдирген.
Кызматкерлер барсетканын ээсин таап, жоголгон буюмдарды аман-эсен кайтарып беришкен.