Таиландда пилдин кол салуусунан турист каза болду

Таиландда пилдин кол салуусунан испаниялык турист каза болду. Бул туурасында дүйнөлүк маалымат агенттиктеринде жазылды.

Маалым болгондой, окуя Пхангнга провинциясында болуп, пил туристти азуусу менен жарадар кылып, натыйжада ал каза болуп калган.

Полиция кызматкерлери окуя болгонун тастыктап, бирок маркумдун жашын айтышкан эмес.

"Жабырлануучу Памплона шаарындагы Наварра университетинде укук жана эл аралык мамилелер факультетинде окуган студент болгон" деп жазылган анда.

Борбордун кызматкеринин айтымында, кыз пилди чөмүлтүү учурунда анын алдында өтүп кеткен. Ошол учурда пил аны азуусу менен сүзүп, анын кесепетинен турист көз жумган.

EFE басылмасынын маалыматына ылайык, пилдерди сууда чөмүлтүү Таиланддагы туристтер үчүн популярдуу көңүл ачуу болуп саналат. Пилдер саякатчылар үчүн ар кандай шоуларга да катышат.

"Акыркы 12 жылда Таиландда жапайы пилдердин кол салуусунан 240 адамдын өлүмү катталган. Анын ичинде 2024-жылы 39 адам каза болгон" деп жазат The Nation басылмасы.

Өлкөнүн улуттук парктарында жана коруктарында 4 миңден ашуун жапайы пил бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан