Турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун эми QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Айтымында, бүгүнкү күндө Мамкурулуштун атайын сайты иштелип чыккан жана ал жактан бардык курулуштарды текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
"2025-жылдын январь айынан тартып ар бир курулуштун атайын убактылуу тосмосунда QR-коду да илиниш керек. Ал QR-код менен телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, ушул курулуш мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жеринде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмүндө курулуш аяктаганга чейин илинип туруш керек" деди Орунтаев.
Ошондой эле Мамкурулуштун жетекчиси курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө кайрылып, курулуп жаткан имараттарга атайын QR-кодду жайгаштырууга чакырды.
"Ушул жылдын январь айынын аягына чейин бардык курулуштарда атайын QR-кодун илишиңиздерди суранам. Бул код илиниши боюнча буйрукка кол койгом жана аткарбаган компанияларга айып пул салынаарын эскертем" деп жазды Орунтаев.