Эфиопияда жанар тоонун активдүүлүгүнө байланыштуу миңдеген адамдар эвакуацияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда чет элдик басылмаларда кабарланды.
Билдирүүдө жазылгандай, Дофен вулканы атылып кетүү алдында буу бүркүп баштагандан кийин, тургундар аймактагы коопсуз жерлерге көчүрүлө баштаган.
"Эфиопиянын алыскы түндүк-чыгышындагы Афар чөлкөмүнүн миңдеген тургундар кооптуу вулкандык активдүүлүктөн улам эвакуацияланууда" деп жазган Associated Press басылмасы.
Бул жарандардын коопсуздугуна алдын ала кам көрүү максатында ишке ашырылып жаткан иш-чара экендиги белгиленет.
Белгиленгендей, Афар аймагы кургак жана ысык климаты, тез-тез жанар тоо атылышы жана жер титирөөлөр көп катталганы менен белгилүү. Акыркы жылдары табигый кырсыктардан, анын ичинде кургакчылыктан, ачарчылыктан жана суу ташкынынан улам жергиликтүү калк бир нече жолу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.