
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүйдүн аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ал эми Чүйдүн Кашка-Суу жана Төш-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.