
Бүгүн,
4-январда "Ош" эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу бардык эл аралык жана жергиликтүү каттамдар кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Кабарлангандай, жүргүнчүлөргө күтүү үчүн ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн.
Ошондой эле "Ош" аэропортундагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттамдар “Манас” аэропортуна жөнөтүлдү:
Ош-Красноярск
Ош-Санкт-Петербург
Ош-Москва
Ош-Екатеринбург