ИИМ Жаныш Бакиев Кыргызстанга келди деген маалыматты төгүндөдү

Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиев Кыргызстанга келди деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 4-январда билдирди.

Айта кетсек, социалдык тармактарда Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга келгени тууралуу билдирүү тараган болчу.

"Ал фейк маалымат" дешти министрликтен.

Жаныш Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Ал 2023-жылы Аскер соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылып, генерал-лейтенант аскер наамы алынган. Ал Кыргызстанда болбогонуна байланыштуу сыртынан соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан