ЭЛДИК КАБАР: Тургун Жалал-Абад аэропортунун кызматкерлерине нааразы болду

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Жалал-Абад аэропортунун кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди.

"Коюу тумандан улам Жалал-Абад аэропортунан ички каттамдар токтотулгандыгына байланыштуу, 4-январда Бишкекке уча турган жүргүнчүлөр "Ош" эл аралык аэропортуна жөнөтүлгөн. Ал үчүн аэропорттон эки кичи автобус жалданып, жүргүнчүлөр Оштогу аэропортко жеке каражаттарына келген. Деген менен "Ош" эл аралык аэропортунда да кечээтен бери ички жана тышкы каттамдар токтоп турат.

Мындан улам Жалал-Абаддан келген жүргүнчүлөрдүн арасында нааразычылыктар жаралды. Анткени "Ош" эл аралык аэропортунун кызматкерлери учурдагы кырдаал боюнча башка аэропорт адистери кабардан экенин айтышкан. Айрым жүргүнчүлөр билеттерин кайрадан тапшырганга аргасыз болушту. Арасында балалуу энелер да бар. Ал эми айрымдары жумушуна байланыштуу күтүүгө аргасыз болушууда. Деген менен учуу мөөнөтү качан аткарылаары да белгисиз болуп турат" дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

04.01.25
04.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан