Украинада өлкөдөгү президенттик шайлоолонун фавориттери аталды. "Өркүндөтүлгөн укуктук демилгелер" бейөкмөт уюму Украина көзөмөлдөгөн аймактагы 5 миң жарандан сурамжылоо кылган.
Сурамжылоодо эгер шайлоо бүгүн өтсө, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн экс-башкы командачысы Валерий Залужный 24,3 пайыздан ашуун добушка ээ болору аныкталган.
Сурамжылоодо учурдагы президент Владимир Зеленский 16 пайыз, ал эми "Батькивщина" партиясынын башчысы жана экс-премьер-министр Юлия Тимошенко 12,6 пайыз добуш алган.
Украинадагы президенттик шайлоону ушул жылдын 31-мартында өткөрүү пландалган. Бирок, Владимир Зеленский согуш болуп жатканда шайлоо өткөрүү туура эмес экенин айтып, шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган.