"Убакыт келди." Гренландиянын премьер-министри Даниядан көз карандысыздыкты талап кылды

Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде Жаңы жылдык кайрылуусунда Даниядан көз карандысыздыкты талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Гренландия башка өлкөлөр менен кызматташууну чыңдагысы келет жана бул үчүн өз алдынча аракеттенүү зарыл.

"Өлкөбүздүн кийинки кадамга бара турган учуру келди. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле биз колониялык доордон чыгып, алдыга умтулушубуз керек. Тарых жана азыркы шарттар Дания менен биздин кызматташтыгыбыз толук теңдикти түзүүгө алып келбегендигин көрсөттү жана эгерде биз Даниянын конституциясына таяна берсек, тең укуктуу кызматташтык түзүлбөйт. Биздин өлкө кийинки кадамды жасоого убакыт келди", - деген ал.

Премьер-министр көз карандысыздыкка ээ болуу чечимин аралдын тургундары кабыл алышы керектигин баса белгилеген. Гренландиянын 56 миңдей калкынын көбү анын позициясын колдой турганын кошумчалаган.

Гренландия - дүйнөдөгү эң чоң арал. Бирок анын калкы 56 миңге жакын гана адамды түзөт. 18-кылымда Даниянын колониясына айланган. 1979-жылы референдумдан кийин Гренландия Даниянын курамындагы өзүн-өзү башкаруучу автономияга айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан