Арменияда Никол Пашинянды шылдыңдаган генерал кармалды

2021-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянды шылдыңдаган Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын мурдагы орун басары, генерал-лейтенант Тиран Хачатрянды сот кызматтык шалаакылык боюнча айыптап камакка алды. Бул тууралуу Армениянн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Хачатрян 2021-жылдын февралында Пашиняндын "Искандер" ракеталык комплекстери тууралуу сөздөрүн шылдыңдаганы үчүн Башкы штабдын башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Ошол убакта Пашинян "Искандер" оперативдүү-тактикалык ракеталары 2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабахтагы жаңжал күчөгөн маалда "жарылбай калган" же "10% жарылган" деп айткан. Анын бул сөзүн Хачтарян шылдыңга алган.

Хачатрян кызматтан алынгандан кийин Армениянын ондогон жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Кечээ, 4-январда Хачатрян согуш учурундагы кызматтык шалаакылык үчүн айыпталып, кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мухаммед
2025-01-05 22:28:00
)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан