"Шрек" мультфилминдеги эшектин образы түшүрүлгөн Перри аттуу эшек оорудан улам 30 жашында АКШда өлдү. Бул тууралуу Калифорниянын Пало-Альто шаарында эшектерди багуучу америкалык Barron Park Donkey Project коому социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Сүйлөөчү эшек - жашыл дөө Шректин эң жакын досу жана мультфильмдеги башкы каармандардын бири. Түпнускада каарманды актер Эдди Мерфи аткарган.
"Биздин сүйүктүү Перри 30 жашында өлгөнүн кайгыруу менен кабарлайбыз. Ал биздин коомчулуктун сүйүктүү мүчөсү болгон жана анын өлүшүнө канчалаган адамдар кайгырарын билебиз. Анын "Шрек" тасмасына кошкон салымы унутулбайт", - деп билдирди уюм Instagram баракчасына.
DreamWorks Pictures компаниясынын "Шрек" мультфильми дүйнөгө эң кеңири тараган мультфильмедрдин бири. Анын бет ачары 2001-жылы болгон. Мультфильм дүйнө жүзү боюнча 487 миллион доллар киреше таап, компанияны кризистен сактап калган.
Андан кийин мульфильмдин үч уландысы дагы жарык көргөн ("Шрек 2", "Үчүнчү Шрек" жана "Шрек түбөлүк). 2024-жылы июлда компания "Шрек" сериалынын бешинчи бөлүгү 2026-жылдын 1-июлунда чыгарын жарыялаган.