Лейлектеги жарылуу: Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери жолугушту

Лейлек районунда орун алган жарылуудан улам Тажикстандын милиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалымдагандай, Лейлек РИИБинин башчысы, милициянын подполковниги Кожобек Козубаев менен коңшу өлкөнүн Согдий облусунун Гафуров районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Чамшед Абдулло Зубайрзода эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында жолугушуу өткөрүшкөн.

Учурда окуя болгон жай аймактык милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып, иликтөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-январда Арка-2 айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Баткен облустук милициясы окуядан 32 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы кызы жабыркаганын маалымды. Маалыматта тургундар жашаган үйүнүн короосун жыйнап жатып, белгисиз затты таап алышканы, аны үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда жарылып кеткени айтылат. 39 жаштагы үй ээси жарылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн деген көрсөтмө берген.

УКМК жарылган зат снаряд болгонун тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан