Украинанын президенти Владимир Зеленский подкастер Лекс Фридманга берген маегинде анын өлкөсү алдыдагы чабуулдарды токтотуу үчүн курал-жарак берилсе, ок атышууну токтотууга макул болорун айтты.
Зеленскийдин айтымында, эгер Украина келечектеги чабуулдардын мизин кайтаруу үчүн курал-жарак менен камсыздалса, ок атышууну токтотууга макул болот. Ошондой эле Киев режиминин башчысы ок атышпоо ишке ашса, бул куралдарды эч ким колдонбой турганын билдирди.
"Эгерде ок атышпоо ишке ашса, бул куралдарды эч ким колдонбойт. Бирок мурдагылардай эмес, куралдар коопсуздук үчүн Украинада калышы керек", - деген Зеленский.
Зеленский курал-жарактын кечигишине байланыштуу кырдаалдын кайталанышын каалабай турганын баса белгиледи. Анын айтымында, эгер Украина НАТОго кирсе, альянс өзү көзөмөлдөгөн аймактарда иш алып бара алат жана бул боюнча макулдашууга болот.