Бегимай Турусбекова күйөрмандарынан ырчы Гүлнур Сатылгановага жаман сөз айтпоону суранды

Орусиядагы "Царица" берүүсүнүн финалына чыккан ырчы Бегимай Турусбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарына кайрылып, ырчы Гүлнур Сатылгановага жаман сөз айтпоону суранды.

Буга чейин социалдык тармактарда Бегимай Турусбекованын жаш кезде сынакта ырдап жаткан видеосу тараган. Андагы комментарийге колдонуучулар ошол сынакта Бегимай Турусбекованы Гүлнур Сатылганова өткөрбөй койгонун жазышкан.

"Гүлнур Сатылганова Бегимай Турусбекованы коркутуп койгон го деп ойлобоңуздар. Мени эч ким коркута албайт. Мен Аллахтан корком, сиздер да коркуңуздар. Мен чындыкты айтып жатам.

Эмнеге эле Гүлнур Сатылганова эжебизди жаман көрүп, анын дарегине жаман сөздөрдү жазып жатасыздар мен түшүнбөй жатам. "Гүлнур Сатылганова Бегимай Турусбековага учурунда бут тосуптур" деген сөздү ким чыгарганын билбейм. Аны тапсам, атайын убакытымды бөлүп, ошол адам менен жолугуп, чындыкты айтып бермекмин. Мындай болбойт, так маалыматы жок эле Гүлнур эжеге жаман сөз жазган болбойт", - деди Бегимай Турусбекова.

Ал тескерисинче учурунда Гүлнур Сатылганова аны колдогонун айтты.

"2011-жылы "Ысык-Көлдө кадыр түн" деген конкурста мен шолоктоп ыйлап жатканда жалгыз гана Гүлнур эже келип, колумдан бекем кармап "Бегимай, сенин учуруң келе элек. Кудайым буюрса, сенин учуруң келгенде сен абдан чоң жылдыз болосуң" деп айткан. Мына ошол Гүлнур эжемдин айткан учуру келди! Чындыкты билбей күнөөсүз адамды каралабаңыздар, суранам. Мен Гүлнур эженин астында аябай күнөөлүү болуп жатам", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yijrt98
2025-01-06 12:41:00
Биздегилер өз маселесин, көйгөйүн чечүүнүн ордуна, башка бирөөнүн жашоосу менен жашап калды.
0
Саман
2025-01-06 20:45:00
Гулнур Сатылганова мыкты ырчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан