Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарын каптап турган ыш тартылган видео жарыялап, аба салыштырмалуу тазарганын маалымдады.
Министрлик муну эс алуу күндөрү борбор калаада унаа азайганы менен түшүндүрдү. Анткени мекеме шаардагы абанын булганышынын 27 пайызын унаалардан чыккан түтүн түзөт деп божомолдойт.
Ошондой эле министрлик эс алуу күндөрүнө карабай жаңы конуштардагы абанын кир сапаты жогору бойдон калып жатканын кошумчалады. Буга жер тамдарга жагылган көмүр, желим дөңгөлөк себеп деп айтылат маалыматта. Көмүр жана ар кандай буюмдардын жагылышы калаадагы ыштын 29 пайызын түзөт. Министрлик андыктан Бишкектеги ыштан арылуу үчүн үйлөрдү жылытуунун башка булактарын караштыруу зарыл экенин белгиледи.