Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык журналист Лекс Фридманга берген маегинде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясына чакырылбаганын, бирок баргысы келип жатканын айтты.
Трамп буга чейин Зеленскийди 2025-жылдын январында Вашингтондо өтө турган инаугурациясына чакырбаганын айткан.
"Мен катышууну каалайт элем. Бирок, чынын айтсам, согуш учурунда кетип дагы кала албайм, анткени президент Трамп мени өзү чакырган жок. Эгер ал чакырса, албетте, барам", - деген Зеленский.
2024-жылдын 5-ноябрында өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо 2017-2021-жылдары мамлекет башчысы болгон республикачы Дональд Трамп жеңген. Анын инаугурациясы 20-январда болот.