Баткенде жарылган снаряддан жабыркаган эне менен кызга операция жасалды 

Баткен облусунун Арка-2 айылындагы турак үйдөн жарылган снаряддан жабыркаган эне менен кызга операция жасалганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдагандай, операция кечээ, 5-январда жасалган. Бүгүн тиешелүү адистердин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, эки бейтапты мындан аркы дарылоо жолдору сүйлөшүлгөн.

Министрлик бейтаптар толук кандуу дарыланып жатканын, учурда алардын абалы туруктуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, 5-январда Арка-2 айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Баткен облустук милициясы окуядан 32 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы кызы жабыркаганын маалымдаган. Маалыматта тургундар жашаган үйүнүн короосун жыйнап жатып, белгисиз затты таап алышканы, аны үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда жарылып кеткени айтылат. 39 жаштагы үй ээси жарылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн деген көрсөтмө берген.

УКМК жарылган зат снаряд экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан