Өлкөдө метапневмовирус жуктурган эки учуру аныкталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдашкандай, катталган эки учур 2024-жылдын 40-52-жумаларында оор респиратордук инфекциялар боюнча алынган 1144 анализден чыккан. Ошондой эле анализдерден 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.
Министрлик метапневмовирус менен бардык курактагы адамдар жабыркаарын, өзгөчө бул инфекция 5 жашка чейинки балдар жана улгайган адамдар үчүн кооптуу экенин белгиледи.
Кытайда аталган вирусту жуктургандардын саны өсүп жатканы кабарланууда.