"Урайын деп калган". Аянттагы Манас эстелигинин алды оңдолот (видео)

Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Манас эстелигинин астындагы курулуштар демонтаждалат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал оңдоо иштери январь айынын ортосунда башталарын белгиледи.

"Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган. Эске салсак, 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес. Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген. Эми эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

06.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан