Талас облусунда 2009-жылы туулган өспүрүм асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-январда облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 2-январда Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Үч-Эмчек айылынын жашы жете элек тургуну үйүнүн короосуна асынып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Маалыматты тактоо үчүн окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Анда маркумдун жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Учурда факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.