Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, келин өзүнө кол салды

Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, 31 жаштагы келин ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2024-жылдын 31-декабрына караган түнү саат 00:46 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну денесинен жараат алып жаткырылганы боюнча билдирүү түшкөн. Факты каттоого алынып, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.

Сурак учурунда жабырлануучунун 32 жаштагы күйөөсү 30-декабрда аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткендигин билдирсе, жубайы өзүнө-өзү кол салганын, эч кимге доосу жок экенин айткан.

Учурда аялдын абалы туруктуу орто деп бааланууда. Ал эми тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан