Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда православ динин тутунган кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун президенттин маалымат кызматы жарыялады.
"Бул улуу майрам кайрымдуулуктун, боорукердиктин, жакыныбызга кам көрүүнүн жана коомдогу тынчтык, ынтымак үчүн ар бирибиз жооптуу экенибизди эскертет. Рождество дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды боорукердик, биримдик жана адилеттүүлүк үчүн сыйынууда бириктирет.
Кыргызстан өзүнүн көп кылымдык тарыхы, конфессиялар аралык ынтымак салты жана элдердин достугу менен сыймыктанат. Биздин өлкө достук маанайда жашаган түрдүү маданияттын жана диндердин өкүлдөрүнүн мекени. Бул – биздин жалпы байлыгыбыз, аны коргоп, бапестеп, келечек муундарга өткөрүп беришибиз керек", - деп айтылат анда.
Ошондой эле Жапаров православдык коомчулуктун коомдун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.