Мексикада дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык табылды

Мексикада дайынысыз болуп жаткан кыргызстандык Жаныбек Жакыпов табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, ал ден соолугуна байланыштуу жакындары менен байланышка чыккан эмес.

"Кыргызстандын АКШдагы чет элдик агенттиктери Казакстандын элчилигинин жана Канкун шаарында жашаган активисттердин жардамы менен Мексиканын ыйгарым укуктуу органдары жана уюмдары менен биргеликте керектүү иш-чараларды жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаран табылган. Ж.Жакыпов ден соолугуна байланыштуу айыкканга чейин үй-бүлөсү менен байланышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Facebook баракчасы аркылуу Жакыповдун билдирүүсүн жарыялады. Анда ал Мексикада эс-учун жоготуп, аны жергиликтүүлөр менчик клиникага алып барышканын, жакынкы күндөрү мекенине кетерин, учурда абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экендигин айткан.

Буга чейин Молдокматова 36 жаштагы Жаныбек Жакыпов аттуу жаран АКШдан Кыргызстанга келе жатып Мексикада дайынсыз жоголгонун билдирип, коомчулукту издөө иштерине жардам берүүгө чакырган.

07.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан