Германиянын Римбах шаарында бир адам банктын филиалына кирип, андагы аялды барымтага алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Бычак менен куралданган кол салуучунун талаптары азырынча белгисиз. Ал бүгүн, 7-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө банкка киргени айтылууда.
Полиция банктын имараты курчоодо экенин, толук маалымат кармоо операциясына кедерги тийгизбеши үчүн берилбестигин билдирген.