Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушат. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.