Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов балбан Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында япон спортчусу Кеничиро Фумитага алданып калганын айтты. Бул тууралуу ал журналист Эмир Арстанбек уулунун Ютуб каналына берген маегинде билдирди.
"Мен күрөштү Жоламандан үйрөндүм" деп алдап койбодубу, куу да. Ал өзү Дүйнө чемпиону болгон да. Жоламанды психологиялык жаткан алдап койду", - деген ал.
Ошондой эле спортчунун атасы Олимпиададан уулу Акжол менен Жоламан алтын медаль алат деп ишенип жатканын белгилеген. Мындан тышкары ал маекта уулунун алтын албай калышынын себебин дагы айтып берген.
Белгилей кетсек, Жайкы Олимп оюндарына грек-рим күрөшүнөн катышкан эки балбан тең коло медаль тагынышкан. Шаршенбеков жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага жеңилип калып, финалга чыга албай калган.