Чүйдөгү "Сосновка" көзөмөл өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда облустук ЖКККБ маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда туман болуп, кар жаап жатат. Учурда жол тейлөө мекемелери менен биргеликте кум-туздар чачылууда.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүүдө бардык коопсуздукту жана унаалар менен болгон аралыкты сактоого, карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат.
Чүй ЖКККБнын өздүк курамы “Бишкек-Ош” жана “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунда кызмат өтөөдө.