Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев каза болду

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозбаев Мамат Орозбаевич кечээ, 7-январда 78 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргыз мамлекетининин Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан