Коңшу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 7-январда Тибетте болгон күчтүү жер титирөөдөн кийин билдирүү жасап, бир нече тапшырмаларды берди. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазды.
Ал медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого буйрук берди. Ошондой эле кырсыктардын алдын алуу, жабыркагандарды жайгаштыруу иштерин туура уюштуруу жана кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин сапаттуу жүргүзүүгө чакырган.
"Биз сейсмологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү жана аны эртерээк алдын алууну күчөтүү, куткаруу иштерине материалдарды тез арада жөнөтүү, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүнү тездетүү, калктын кышында коопсуз жашоосу үчүн зарыл болгон турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуубуз керек", - деп баса белгилеген Си Цзиньпин.
Кытай бийлигинин акыркы маалыматтары боюнча, Гималайдын түндүк этектеринде, Тибеттин эң ыйык шаарларынын бири болгон Шигацэге жакын жердеги катуу жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 95ке жетти. Кеминде 130 адам жаракат алды. миңге жакын үй жабыркаган.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү 7,1 баллга жеткен. Кытайдын сейсмикалык борбору жер титирөөнүн күчүн 6,8 балл деп баалады.