Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча олимпиадада 25 медаль жеңип алды

Кыргызстандык 25 мектеп окуучусу биология боюнча Mendel’s Biology International Olympiad 2024 (MBIO 2024) олимпиадасынан 25 медаль жеңип алды. Бул туурасында кечээ, 7-январда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, окуучулар 3 алтын, 7 күмүш жана 15 коло медалга ээ болду.

Алтын алган окуучулар:

  1. Айбийке Базарбаева - Бишкектеги UWIS мектеби;
  2. Дмитрий Рубан - Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
  3. Нурсултан Увалиев - К. Карасаев атындагы Каракол лицейи.

Күмүш менен сыйланган окуучулар:

  1. Улукбек Русланбеков - Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
  2. Нурбол Акматалиев - Бишкектеги American-European School мектеби;
  3. Алихан Жуссипахмет - Бишкек шаарындагы QSI мектеби;
  4. Саадат Султанова - Сейтек STEM мектеби;
  5. Атахан Исираев – Ош шаарындагы "Кут Билим" окуу-тарбия комплекси;
  6. Рафаэл Сагынбаев - American-European School мектеби;
  7. Азим Абдылдаев - К. Карасаев атындагы Каракол лицейи.

Айта кетсек, олимпиада дистанттык түрдө орун алып, ага 8 өлкөнүн окуучулары онлайн түрүндө катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан