Калктын карылыгы жана төрөттүн төмөндөшү Япония үчүн курч көйгөй бойдон калууда. 2720-жылы 14 жашка чыга элек бир гана бала калат. Бул тууралуу The Japan Times басылмасы Тохоку университетинин профессорунун божомолуна таянуу менен жазып чыкты.
Басылма 2023-жылдын 1-апрелинде жүргүзүлгөн мурунку эсептөөнү эске салат. Анда мындай абал 2821-жылга туура келерин көрсөткөн. Ошентип акыркы божомолдор боюнча, күн чыгыш өлкөсүндөгү статистика дагы бир кылым эртеледи.
Азыркы учурда Япония өлкөсүнүн жалпы калкынын 11 пайызга жакыны гана 15 жашка чейинкилер, ал эми калктын дээрлик 30 пайызы 65 жаштан жогоркулар.