Алай районунда бир түндө эки үйгө кирип, мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 29-декабрында милицияга Курманжан датка айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал түндө короосунан 2 баш коюн уурдатканын билдирген. Ошол эле күнү 54 жаштагы жаран да арыз менен кайрылып, короосундагы 1 баш кочкорун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 60 миң сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кара-Суу районунун 23 жаштагы жана Ош шаарынын 53 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө алар уурдалган койлорду башка аймактагы мал базарга алып барып сатып жиберишкени аныкталган. Учурда уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.