Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан CNN Türk телеканалына берген маегинде Анкара Сириядагы Күрдистан жумушчу партиясынын (Түркияда террордук уюм деп таанылган) согушкерлерине ультиматум койгонун билдирди.
"Биз аларга куралдарын таштап, өлкөдөн чыгып кетүү боюнча ультиматум койгонбуз", - деген ал.
Ал эми алып баруучу күрттөр Түркиянын талабына көңүл бурбаса эмне болорун сураган. Буга Фидан анда Анкара Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаарын айткан.