Бишкек–Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Сосновка" постуна коюлган чектөө саат 10:00дөн тарта, ал эми "Арал" постундагы убактылуу чектөө 09:00дөн тарта алынган. Ошону менен катар жолдордо тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, "Сосновка" өткөрмө бекетинде кечээ, 7-январда саат 19:00дө, Токтогул районунун "Арал" өткөрмө бекетинде саат 19:45те оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.