Өлкө боюнча 2025-жылдын 1-аптасында курч респиратордук вирустук инфекция менен жабыркаган 4245 учур, ал эми сасык тумоо менен 16 учур каттылды. Бул туурасында бүгүн, 8-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу 1,9 эсеге төмөн.
"Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга күзөтчү көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрдан баштап 2024-жылдын 40-жумасынан бери 1207 үлгү алынган. Анын ичинде сасык тумоонун А түрүнүн (Н1N1 (2009) – 71 учуру, сасык тумоонун В түрү – 8 учуру, COVID-19 – 15 учуру лабораториялык изилдөөдө жыйынтыгы оң экендиги такталган", - деп айтылат маалыматта.