Саламаттык сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн алдын алуу чараларын сактоо керектигин эскертет.
Алар:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.