Израил Түркия менен тикелей тирешүүгө даяр болушу керек. Анткени Анкара Осмон империясын калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу The Jerusalem Post Нагел комитетинин (Израил өкмөтү тарабынан 2024-жылы коргонуу бюджетин талдоо жана коопсуздук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн комиссия) баяндамасына таянып жазып чыкты.
Баяндамада Түркиянын сириялык топтор менен биригүү коркунучу баса белгиленген. Бул көйгөй Ирандын коркунучунан да жаман болушу мүмкүн экени айтылат. Басылма комитет жогорудагыларды эске алуу менен бийликке алдыдагы 5 жылда Израилдин жылдык коргонуу бюджетин 15 миллиард шекелге (4,1 миллиард доллар) көбөйтүүнү сунуштаганын жазат.
Атайын комиссия даярдаган доклад 6-январда премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга жана өлкөнүн коргоо министри менен каржы министрине берилген.