Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында орун жетишсиздигинен бейтаптар коридорлорго жаткырылып жатат. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
Анын айтымында, оорукана 500 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө медициналык мекемеде 606 бейтап дарыланууда.
"Акыркы 24 саатта бизге 317 бейтап кайрылган. Алардын 123ү ооруканага жаткырылган, калгандары амбулатордук дарыланууга үйлөрүнө жөнөтүлгөн. 123 бейтаптын 114ү жаш балдар. Биз азыр кошумча керебеттерди уюштуруп, бейтаптарды коридорлорго жаткырууга аргасыз болуп жатабыз. Бирок абалы орто оор же оор болсо, аларга орундуктарды таап, жаткырып жатабыз.
Жарандардын көпчүлүгү ОРВИ белгилери менен кайрылып жатышат. Оорулардын саны боюнча экинчи орунда кызамык жана башка оорулар турат", - деди Нургүл Молдалиева.
Ошондой эле ал учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө 14 бейтап жатканын айтты.