УКМК Кара-Суудагы 500 миллион сомдук 32 гектар жерди мамлекетке кайтарды (фото)

Ош облусунда баасы 500 миллион сомдон ашуун, аянты 32 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн.сомдон ашык 32 гектар жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан