Бишкектин жолдоруна түнү менен 246 тонна туз себилген. Бул туурасында бүгүн, 8-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, “Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмү менен биргеликте борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо жана туз себүү иштерин ыкчам жүргүзүүдө.
"8-январь саат 9:00гө карата 246 тонна өндүрүштүк туз керектелген. Линияда болгону 71 бирдик атайын техника бар. Карды тазалоого жаңы атайын техникалар тартылып, ишкананын кызматкерлери тротуарларды, жолдун бордюрларын тазалоого тартылууда", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия карды тазалоо боюнча суроолор туулса шаардыктарды күнү-түнү иштеген номурларга байланышууга чакырат. 1850 жана 1840 телефондоруна чалып,
0554 182 185 (WhatsApp) номурларына сүрөттөрдү жиберсе болот.