Бүгүн, 8-январда Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.
Чемпиондуктун биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 килограмм салмак чениндеги грек-рим боюнча балбандар күч сынашат. 9-январда күрөштүн ушул эле түрүнөн 60, 67, 77, 87 жана 130 килограмм салмактагы балбандар мелдешке чыгат. Ал эми 10-11-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталып, 10 салмактагы спортчулар мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, таймаштар саат 11:00дө башталып, түз эфирден чагылдырылат.